"Кирешеси чоң кафе жана ресторандар аз өлчөмдө патент төлөшөт" деп бүгүн, 5-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясында билдирди.
Ал кафе-ресторандарга карата салык саясатын өзгөртүүнү сунуш кылды. "Патенттен башка нерсеге өтүш керек. Бул боюнча канча убакыттан бери айтып келебиз. Аларды салык төлөөгө үйрөтүү менен фискалдык саясатты өзгөртөбүз",- деди ал.