Ысык-Көлдүн кооздугу бул ирет немис ырчысы Осеананын кадрында. Чет өлкөлүк ырчы көл жээгинде түшкөн бир нече сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Бул сүрөткө ырчы "Кыргыз өлкөсүндөгү бактылуу учурларым. Рахмат!" деген билдирүүсүн калтырган.
"Салам Ысык-Көл, кайра келгениме кубанычтамын!".
Ал эми бул сүрөткө ырчы көлдүн суусу жылуу экенин жана ал кышында дагы тоңбой турганын жазган.
Осеана 3-августта Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде болуп, анда жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга чыгармаларын тартуулаган.
Ырчы жана аткаруучу 2009-жылы жарыкка чыккан "Cry Cry" ыры менен атактуулукка жеткен.