Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгү: "Учурда Солтон-Сарыда абал туруктуу"

Учурда Нарындын Солтон-Сары кенинде абал туруктуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 6-августта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, азыркы тапта кен чыккан жерде 100дөн ашык адам чогулуп турат.

5-августта Солтон-Сарыда кен казган кытай компаниясына жергиликтүү тургундар барышкан. Алар компаниянын кызматкерлерин чыгып кетүүсүн талап кылган. Чогулгандар компанияга барганда ортодо пикир келишпестик орун алып, жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар бири-бирине карата таш ыргыткан. Чогулгандар талабы аткарылмайынча Солтон-Сарыда болуп, тынчтык митингин уланта турганын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shabi
2019-08-06 09:42:56
Кытайларга эмне.жерди казып ойуп алтынын алып кете берет.а касылган жердин зыяндуулугун баягыле карапайым Эл тартабыз.бийлик деле ушуну конул буруп жакшылап карап койсо болот эле да.инвестор инвестор деп эле жердин баарын кастыра беребизби,карапайым элдин мунун деле эске алыш керек да.жашоо биз жашап буткондон кийин эле бутуп калбайт да,минтип олтурсак келеерки урпактар,бизге чейинкилер тоо таш монгудон бери казып сатышкан экен деген ойдо кплтырабыз го.
+3
Bektur2011
2019-08-06 09:43:08
Атамбаев акчасын кайтарсын кытайлардын. Уруксатты ошол киши берген экен
0
altyn-kumush
2019-08-06 09:53:04
Солтон-Сарыдагы бугунку абал Атамбаевдин ошондогу ачкоздугунун натыйжасы
0
altyn-kumush
2019-08-06 09:53:58
Бул кырдаал учун Атамбаев менен Зилалиев баштары менен жооп бериши керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан