Бишкекте энесинин колунан 5 жаштагы баласын жулуп, уурдай качкандар кармалды

Энесинин колунан 5 жаштагы баласын жулуп качып кеткендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ аталган кызматка саат 19:35 чамасында Рыскулов-Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинен 5 жаштагы баланы уурдап кетишти деген билдирүү түшкөн.

"Берилген маалыматка ылайык, кичинекей баланы белгисиз 3 адам уурдап кеткен. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган камералардын жардамы менен жарым саат убакыттын ичинде кылмышкерлер колго түшүрүлгөн. Натыйжада Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, уурдалган бала менен кылмышка шектүүлөр кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
ziash85
2019-08-06 13:32:51
Эмнеге мындай кадамга барды экен аа
+6
Jeenbek.
2019-08-06 13:38:02
Буларды омур боюуга камаш керек
+14
Asking-
2019-08-06 14:02:25
Адам урдаган кишилер окшойт кейпинен буга чейин да кылып журушкон да коркпой колунан жулуп кеткенин тооба тооба
+8
Avrora2017
2019-08-07 00:49:50
Asking-,атасы айланайындар атасы ошон учун жай турушат анан нее ыйлап турушсунбу
+2
Chungyz
2019-08-06 14:05:08
Бул жомогунарга ишениш кыйын
-6
Abdizhapar
2019-08-06 14:48:22
Chungyz,сен жомоко да тушунгудой эмессин
+3
Kyrgyz_bloger
2019-08-06 14:13:19
Фотодо конулу ток эле тургандай го,коопсуз шаардын пайдасы деп атайы уюштурулган эмеспи?чын болсо мындай шайтандарды олтуруп деле койсо булардан кыргыз азайып кетпейт,Токмоктогу баланы уурдагандар дагы эмне себептен кылганы жашыруун бойдон калдыбы?
+12
Nur-Mir
2019-08-06 14:49:59
Kyrgyz_bloger,Менде да коопсуз шаар дегенди окуганда эле ушундай ой келди эле.
+3
Kalmurzaev8900
2019-08-06 14:47:05
Турушуну кара булардын кыйратгансып кулуп турушатго чоон иш кылгандай
0
erkinali858585
2019-08-06 16:51:18
Өлүм жазасы берилсин!!! Мындайларга жердин бетинде жай жок
-1
Aimani
2019-08-06 17:21:58
Баланын атасы болушу мүмкүн. Жайбаракат турганына караганда
+5
bema_bema
2019-08-06 17:47:15
Жазган комментарийими не очуруп койуп атасынар.Баланын атасы экен аялы менен ажырашып кеткен экен.Бул жакта биз орган саткычка чыгарып койдук.
+9
Tai19
2019-08-06 19:19:27
Адам урдап атат алар.ошо камеранын жардамы мн кармаса айтабы?озунчо ишенбейсинерда.камераны койду эч кимге зыяны тийген жок турушу пайда бут кыргызстанга койуп чыкыла айыл ичинеда
+2
XATSAN125
2019-08-06 23:24:40
Ит экен ит
-2
Avrora2017
2019-08-07 00:47:57
Атасы экенго, жолуктурбай жургон учун колунан жулуп кетти деп журот, калп эле герой боло бербегилечи, атасы болгон дойун жолуктуруп койбойбу уурдатпай анан кокмее энеси
+8
Paol
2019-08-07 08:22:03
Avrora2017,++
0
lightning57
2019-08-07 01:09:54
Инстадагы суротун алмаштыра тургансып суротко тушушуптур го?
-2
Paol
2019-08-07 08:17:56
Билишимче бирөөсү баланын атасы болот экен жолугуп көрүшөм десе кайненеси каршы болуп коюптур
+1
Paol
2019-08-07 08:20:37
Билем жула качты десе өөн учурайт бирок алдын ала жыйынтык чыгарбай эле койсонуздар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан