"Бишкек шаарынын Рыскулов, Ала-Арча көчөлөрүндө электр жарыгы кайра-кайра өчүрүлүп жатат" деп окурман
Элдик кабар бөлүмүнө
билдирген.
Буга "Түндүк электр" ишканасы жооп берди. "Күз-кыш мезгили жакындап келе жаткандыктан ага даярдык көрүү “Түндүк электр” ААКсында кызуу жүрүүдө. Кечээ, 5-августта “МРЗ” көмөк чордонунда реконструкция иштери башталган. Ошол себептен анын жүктөмдөрү бөлүштүрүлгөн. Жүктөмдүн көбөйүшүнүн кесепетинен 5-августта саат 19:50дө “Батыш” көмөк чордонунан тараган 6 кВ электр чубалгысы жабыркаган. Батыш райондук электр тармактарынын адистери бул электр чубалгысынан камсыздалган абоненттердин бир бөлүгүн башка электр камсыздоочу булагына которгон. Ал эми калган абоненттери электр чубалгылары оңдолгонго чейин электр энергиясыз калган. “Түндүк электр” ААКсынын борборлоштурулган электр чубалгыларын оңдоо кызматындагы электр куроочулар түнү бою иштеп, 6-августта саат 10:30да электр чубалгысын ишке киргизишкен.
Ал эми Рыскулов, Ала-Арча көчөлөрүндө саат 11:00дөн тарта 17:00гө чейин өчүрүүлөр тууралуу айта кетсек, режимдерди даярдоо маалында электр жарыгы маал-маалы менен 15-30 мүнөткө чейин өчүрүлгөн. "Түндүк электр" ишканасы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.