Талас шаарындагы Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы бүгүн, 6-августта саат 13:00 чамасында чыккан.
"Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 14:17де толук өчүрүлдү", - дейт маалымат кызматынан.