Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым кызматкерлерине кылмыш иши ачылды. Буга кызматкерлердин Дача-СУ аймагына Боинг жүк ташуучу учагы кулап, кырсыктагандан кийин уюлдук телефондорду алганга шектелгендиги себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта SUPER.KG порталына күч органдарындагы ишенимдүү булактардан билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөө маалында кырсыктан кийин аталган аймакта куткаруу иштерин жүргүзгөн ӨКМнын 100гө жакын кызматкери суракка алынган.
"Кырсык болгон аймактан ӨКМнын айрым кызматкерлери уюлдук телефондорду алгандыгы боюнча "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "тергөөгө тоскоолдук жаратуу" беренелери боюнча кылмыш иштери ачылган.
31-июль күнү Биринчи Май райондук соту тарабынан бул кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6 кызматкери өлкөдөн чыкпоо боюнча тил каттын негизинде коё берилген. Алардын баары учурда ӨКМде иштешет", - деп билдиришти булактардан.
2017-жылдын 16-январында Бишкектин четиндеги Дача-СУ аймагына жүк ташуучу учак кулап, 35 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү көз жумган. Ал учакта 85 тонна жүк болуп, Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча учуп бара жаткан.