Бишкекте аялдын колунан 5 жаштагы баланы жулуп качып кеткендердин бири анын атасы болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, кечээ аталган кызматка саат 19:35 чамасында Рыскулов-Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинен 5 жаштагы баланы уурдап кетишти деген билдирүү түшкөн.
"Баланы уурдады деп кармалгандардын бири 1993-жылы туулган Ы. Ж. аттуу жаран 5 жаштагы баланын атасы экенин билдирген. Анын айтымына караганда, ал уулун туулган күнү менен куттуктоо үчүн келген. Бирок буга кайненеси каршы чыгып, уулуна жолуктурбай койгон. Мындан улам күч колдонуу менен уулун алып кеткенин кошумчалаган. Учурда бул окуя Ленин РИИБне катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдиришти милициядан.