Бүгүн, 6-августта саат 19:30га карата Солтон-Сарыда чогулган миңге чукул эл Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабууга жөнөп кетишти. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчыбыз маалымдады.
"Өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны бүтө элек. Бирок чогулган эл алардын жообун күтпөстөн, лидерлерди шайлап жолду жабууга жөнөп жатышат. Жергиликтүүлөр "өкмөттүн жообу белгилүү, ошондуктан жолду жаба бергенибиз оң" деген ойлорун айтышты.
Чогулгандар кытай компаниясынын техникаларына тийишпей турганын билдиришти. Эгер кытайлар кайра келип ишти баштай турган болсо, элге кабар берилип, алар компания тарапка чогуларын айтышты" деди кабарчыбыз.
Эл жолдогу дүкөндөрдүн жабылышын, эгер бир нерсе болуп кетсе митингге чыккандар жооп бербей турганын кошумчалады.