Бүгүн, 6-августта Солтон-Сары кенинде 700-800дөй адам чогулду. Алар кен казган кытай компаниясынын кызматкерлеринин чыгып кетүүсүн талап кылышууда.
Эл топтолгон Он-Арча айылында мобилдик интернет иштебей жатат.
Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабууга келген эл Он-Арча айылына токтошту. Алар боз үйлөрдү тигип жатат.
Солтон-Сарыдан чыккан элдин айрымдары Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна жетти. Азырынча алар жолду жаппай турганын, аркада келе жаткан элди күтөрүн айтышты.
Жолду жабуу Он-Арча айылынан башталат.
Солтон-Сары кенинен Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна чейинки аралык 82 чакырымды түзөт. Эл трассага жете элек.
Солтон-Сарыда чогулган миңге чукул эл Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабууга жөнөп кетишти.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Жоңжи майниң" ("Zhong Ji Mining") кытай компаниясынын иши токтотулат деген корутунду чыгарганын өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди.
Эл өкмөт өкүлдөрүнө эки талап койду. Алар:
1. Алтын кенин иштеткен "Жоңжи майниң" ("Zhong Ji Mining") кытай компаниясынан лицензияны алуу;
2. Азыркы Нарын районунун акимин, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүн кызматтан алуу.
Ошондой эле, жергиликтүү тургундар кенди иштетип жаткан компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетүүсүн, өздөрү менен кошо техникаларын алып кетишин талап кылышты.