Залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган XIII эл аралык "Айтыш-2019" сынагы өтөт. Сынак 30-31-августта орун аларын "Айтыш" коомдук фондунан маалымдады.
Белгилүү болгондой, айтыштын тандоо туру 20-августта болот. Ал эми жарым финал жана финал Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.
"Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан акындар чакырылат. Катышуучулардын жаш курагына чектөө жок. Тандоо турунан өткөн 8 катышуучу Казакстандан келген 8 акын менен айтышка чыгат. XIII эл аралык “Айтыш-2019” сынагынын байге фонду 2 миллион сомду түзөт", - деп жазылат маалыматта.
Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.