Баткенде 12 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бак айылындагы Лаган каналына 2 кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бирөөсүн жергиликтүү тургундар куткарып калышкан, ал эми экинчисин издөөгө 8 куткаруучу тартылган. Кечээ, 6-августта саат 18:14тө жергиликтүү тургундар кыздын жансыз денесин табышып, туугандарына өткөрүп беришти.