Оштогу Ак-Буура дарыясынан эркек адамдын жансыз денеси табылды

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынан эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-августта Ак-Буура дарыясына 1 эркек адам чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. "Жерине кечээ саат 17:18де ӨКМнын куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды. Саат 18:20да маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, укук коргоо органынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirlanpiter
2019-08-07 12:49:08
Тайыз сууга кантип чөгүп кетти экен,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан