Кечээ, 6-августта Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенинде жергиликтүү 800дөй адам топтолду. Алар алтын кенди иштеткен кытайлык компаниянын чыгып кетишин талап кылышууда. Бүгүн, 7-августта аталган аймакта абал туруктуу. SUPER.KG'нин ал жакка барган кабарчыларына белгилүү болгондой, Солтон-Сары алтын кенинде жана Нарындын айрым аймактарында интернет байланышы иштебей, үзгүлтүккө учуроодо.
Буга чейин малымдалгандай, Солтон-Сары жайлоосуна "Тез жардам" кызматынын үч унаасы нөөмөткө коюлган. Мындан тышкары коопсуздук маселеси тартип сакчылары тарабынан көзөмөлдө турат. Нааразы болгон эл өкмөткө талаптарын айтышып, аткарылбаса Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабарын билдиришкен.
Андагы абалдын кечээги күндөгү хронологиясы бул шилтемеде. SUPER.KG порталы Солтон-Сарыдагы бүгүнкү абал менен тааныштырууну улантат.