Бүгүн, 7-августта Нарын облусундагы Солтон-Сары кенине кайрадан эл топтолууда. Азыркы учурда бул аймакка 9 боз үй тигилген. Абал туруктуу. Аймактардан келген активисттер өз алдынча бир боз үйдө кеңешме өткөрүшүүдө.
Буга чейин нааразы болуп, Солтон-Сарыга топтолгондор өкмөт өкүлдөрүнөн кен иштеткен кытайлык компаниянын чыгып кетишин талап кылышкан. Талаптары аткарылбай турган болсо Нарын-Бишкек-Торугарт жолун тосо тургандыктарын айтып, Он-Арча айылына 2 боз үй тигишкен.