Кыргызстандык спортчу Ксения Палкина теннис боюнча дүйнөлүк рейтингде 3 баскычка көтөрүлдү. Бул тууралуу 6-августта Дүйнөлүк теннис федерациясы кабарлады. Жаңыланган рейтинг боюнча Палкина 100 упай топтоп 382-орунга чыкты. Эске сала кетсек кыргызстандык спортчу буга чейин 385-орунда турган.