Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-августта саат 18:24тө Чоң Чүй каналында белгисиз адамдын жансыз денеси агып бараткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулары саат 19:09да 20-25 жаштагы аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышты. Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.