Өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалга байланыштуу коңшу өлкөлөр менен болгон чек аралар жабылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Бардык чек ара пункттары штаттык режимде иштеп жатат. Тарап жаткан сөздөр калп", - деди басма сөз кызматынан.
Кечээ, 7-августта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүргүзүлгөн. Анын толук хронологиясы бул шилтемеде.