9-10-августта республиканын аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаайт. Мындай аба ырайына байланыштуу Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлөрүн Кыргызгидрометтен билдирди.
14-16-август аралыгында Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде нөшөрлөп жамгыр жаайт. 15-16-августта бийик тоолуу аймактардагы жамгыр карга айланышы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы кескин түрдө төмөндөшү мүмкүн.