Кыргыз Эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев 64 жашында дүйнө салды. Ал 9-августта катуу оорудан улам көз жумганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маркумду акыркы сапарга узатуу бүгүн, 10-августта саат 11:00дө Бишкек шаарындагы Горький көчөсү менен кесилишкен Оренбург туюк көчөсүндөгү №13 үйдө болот.
Нургазиев Догдурбек Бакасович 1955-жылы 28-март күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң Кызыл-Суу айылында туулган. 1978-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1985-жылы Москвадагы В.И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун, 1997-жылы Көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасын бүтүргөн.
Анын сүрөттөрү бир топ эл аралык көргөзмөлөргө коюлган. 1985-жылдан бери республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу (Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Конго, Люксембург, Малайзия, Өзбекстан, Орусия, Түркия, Франция, Швейцария, Япония жана башка).
Өздүк көргөзмөлөрү: "Тоолор" (1996-жылы), "Тоолор симфониясы" (2002-жылы Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм искусство музейинде);
"Улуттар дворецинде" (2000-жылы Женева шаарында);
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү (1996-жылы Дубайда);
"Купуя жаңырык" (2003-жылы Астана шаары);
"Кыргыз жаратылышы" (2008-жылы Парижде).
Чыгаан сүрөтчү 2001-жылы маданиятка эмгек сиңирген ишмер, 2011-жылы Кыргыз Эл сүрөтчүсү мамлекеттик наамдарына, 2011-жылы профессор илимий даражасына арзыган. Т. Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынын жана Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
SUPER.KG порталы маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.