Курман айт майрамында окулчу намаздын программасы

Эртең, 11-августта Бишкектеги эски аянтта Айт намазы окулат. Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы Айт намазынын программасын жарыялады.

Эртең менен саат 06:15тен 07:15ке чейин имамдар насаат окушат;

07:15тен 07:30га чейин муфтий Максатбек Токтомушев сөз сүйлөйт;

07:35тен 07:45ке чейин спикер Дастанбек Жумабеков, президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов куттуктоо сөздөрүн айтышат.

Быйыл Курман айт майрамы 11-август жекшемби күнгө туура келгендиктен 12-август дүйшөмбү күнү дем алыш болорун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
toktor89
2019-08-10 10:54:04
Баарыныздардын Курман айт майрамыныздар менен!
+8
bond02
2019-08-10 11:06:17
Мэр да келип суйлойбу?
+2
urmat94
2019-08-10 14:35:26
bond02,жок мэр келбейле суйлойт экен,суйлойт деп туратго келет да
0
interpol
2019-08-10 11:10:08
Ыйык курман айт майрамыңыздар менен кыргыз элим!!!
Кыргызстанда тынчылык негизгизи элде ынтымак болсун. Өлкөбүз гүлдөп өнүксүн. Сен түштүк сен түндүк деп бөлүнгөндөр эки дүйнө жакшылык көрбөй кыйналып өтсүн.
ЖАША КЫРГЫЗСТАН
БАР БОЛ КЫРГЫЗСТАН
БИР БОЛ КЫРГЫЗСТАН
+11
MAN-CITY
2019-08-10 12:27:53
interpol,Азаматсын бул созуно менда кошулам.
+4
Arman7
2019-08-10 12:34:49
Мер келбейле койчу келсен дагы балп этип коёсун
+6
Isakov82
2019-08-10 13:48:36
Arman7,курбан ыраазы болсун дебпи
+5
asdef
2019-08-10 17:17:45
Isakov82,плюс ,минус басылып кетти
+1
Krasnoebeloe
2019-08-11 01:02:27
Тиги мерге айтып койгула чулдурабай жакшына суйлосун.. Анан дагы курбан ыраазы болсун деп журбосун)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан