Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабабыз деген эл боз үйлөрүн чечип, тарап кетишти

Солтон-Сарыдагы алтын кенин казган компаниянын ишин токтотууну талап кылып, Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жабабыз деген эл боз үйлөрүн чечип, тарап кетишти. Бул тууралуу өздүк булактардан маалымдады.

"Кечээ, 9-августтан 10-августка караган түнү Кара-Чий айылынын жанына боз үй тиккен эл тарады. Алар Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушкандан кийин боз үйлөрүн чечип кетишти. Ал эми Аманбай Кайыпов элдин талабын өкмөткө жеткирүүнү убада кылды. Учурда жолдун боюнда эч ким жок", - деп билдирет өздүк булактан.

9-августта жолду жабабыз деген эл 5 кишиден турган атайын комиссия түзгөн. Комиссиянын максаты, тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Кара-Чий айылынын жанына боз үй тиккен эл Бишкек-Нарын-Торугарт жолун жаппагандыгы кабарланган.

3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан