Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарындагы эски аянтта Айт намазы окулду. Бишкек ШИИББинин берген маалыматында айт намазын окууга 15 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары келишти. Мекеменин маалымат кызматынан айт намазы учурунда эч кандай тартип бузуулар катталбаганын кошумчалады.