Чет өлкөгө саякатка жолдомо, Төрегали Төреалиден чыгарма. Ырчы Мирбек Атабековго туулган күнүндө тартууланган белектер

Бүгүн, 11-августта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков 33 жашка толду.

"Быйыл Курман айт майрамы туулган күнүмө туш келди. Курман айтты белгилеп, үй-бүлөм менен ак дасторкон үстүндө отурабыз. Кечинде жумушума барам. Туулган күнүмдү белгилебесем дагы куттуктап, жакшы сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтышса кубанып, мен ушул адамга керек экенмин деп сүйүнүп калат экенсиң.

Менимче, туулган күн бул бизди төрөгөн апалардын майрамы. Эртең менен апамды майрамы менен куттуктадым. Ал эми жубайым мага күнүмдүк жашоодо керек болгон каражатты тартуулады. Андан тышкары, саякатка барууга жолдомо берди. Буюрса үй-бүлөлүк эс алууга барабыз. Жакында эле Казакстанга кайын журтума барганбыз. Ал жактан алдын ала куттуктоолор болду. Казак ырчысы Төрегали Төреали чыгарма тартуулады. Экөөбүз чыгармачылык жаатта жаңы иштерди баштайын деп жатабыз", - дейт ал.

Мирбек Атабеков 1986-жылы Талас районундагы Жон-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. 6-класска чейин аталган айылдагы мектепте билим алып, андан кийин Бишкекке көчүп келип, №50 мектеп-гимназиясында окуп калган. 9-классты аяктаганда кафе жана ресторандарда ырдай баштаган. Мектепти бүтүргөн соң Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин экономика факультетине тапшырган.

Кийинчерээк "Поющий город" долбооруна катышып, финалчы болгон. 2004-жылы өзү "Тандем" аттуу топ негиздеп, өлкөнүн хит-параддарында "Жүзүң" аттуу ыры менен алдыңкы орундарга чыга баштаган.


2014-жылы сүйүктүүсү Мээрим Төлепбергенге үйлөнгөн. 2015-жылдын 21-ноябрында уулдуу болушуп, ага Адам деген ысымды ыйгарышкан. Ал эми 2018-жылдын апрель айында жубайлар кыздуу болушуп, ага Ыйман деген ысым коюшкан.
2016-жылы 11-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата маданияттын өнүгүшүнө салымын кошкон белгилүү инсандарга мамлекеттик сыйлыктар берилип, Мирбек Атабеков "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамына ээ болгон.

11-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Paprikafm
2019-08-11 19:48:28
Ошондо Мээрим казак Кызыбы? Апасыны тоногондор табылыптырбы?
+1
xnurgul_gul
2019-08-12 02:41:17
Paprikafm,Мээримдин Атасы Кыргыз Апасы Казак
0
Nur777
2019-08-12 15:30:22
xnurgul_gul,анда эмне Мээрим Толепбергендин тууганы Айкын Толепбергендин да атасы кыргыз болуп калабы?)))))
Ачык эле жазсан,казактын кызы деп эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан