“Чечме унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайынан башка адамдын жасалма паспорту менен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-август күнү 1995-жылы туулган Э.А. уулу аттуу жаран Өзбекстанга башка адамга таандык паспорт менен өтүүгө аракеттенген.
"Териштирүү иштеринин алкагында ал 1987-жылы туулган Ш.К. аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөнү аныкталган. Мындан сырткары, атайын текшерүүдөн кийин ал паспорт жасалма экени да аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, шектүү ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.