Жалал-Абад облусунда ири көлөмдөгү героин алынды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, милицияга Үч-Коргон айылынан жүк ташуучу унаага ири көлөмдөгү баңгизат жүктөлдү деген маалымат келип түшкөн.
"Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында 19 тонна мөмө-жемиш жүктөлгөн унаа токтотулган. Аны текшерүү маалында жалпы салмагы 44 килограмм 300 граммды түзгөн героин алынган. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, героин эң жогорку сапатта болгон жана ал Орусия аркылуу Европага алынып кетмек. Учурда жүк ташуучу унаанын ээси аныкталып, аны милиция кызматкерлери издөөдө. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.