Быйыл 1-сентябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен окуу жылы 2-сентябрда башталат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, окуу жылынын салтанаттуу ачылышы республиканын бардык аймактарында 2-сентябрда эртең мененки саат 09:00дө башталат.
Ал эми сабактар 3-сентябрдан баштап көрсөтүлгөн тартипте өтүлө баштайт. 2019-2020-жылдагы базистик окуу планы министрлик тарабынан бекитилген.
Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөндөй, майрамдар эс алуу күндөрүнө туш келсе, анда дем алыш күндөрү эртеси күнгө жылдырылат.