Интернетке Оштогу көчөлөрдүн биринде белгисиз жаран бир кызды ур-токмокко алып жаткан видео тарады. Анда чакалайдын чак түшүндө эркек киши кызды чачынан кармап, жерге кулата түртүп жатканын көрүүгө болот. Ал эми окуяны видеого тартып алган колдонуучу Аравандагы үйлөрдүн жанында болуп жатканын айткан.
Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы учурда окуя болгон жерди аныктоо үчүн тергөө иш-чаралары башталганын айтат.
"Окуя Ош шаарында болушу мүмкүн. Анткени Оштон Араванга кеткен жолдо аялдама бар. Аялдаманы Араван деп коюшат. Учурда окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн ыкчам тергөө тобу тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат", - деди маалымат кызматынан.