Кыргыз окуучулары информатика боюнча эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

Информатика боюнча эл аралык олимпиадага катышкан кыргыз окуучулары 3 коло медалга ээ болушту. Алар:
Караколдогу Х.Карасаев атындагы лицейдин (11-класс) окуучусу Өмүрбек Жамалов, Кадамжайдагы "Семетей" лицейинин (11-класс) окуучусу Талантбек Жеңишбек уулу, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин окуучусу (10-класс) Шабдан Батыркулов коло медаль тагынышкан. Ал эми Оштогу "Сема" лицейинин (11-класс) окуучусу Мирбек Бакиров катышкандыгы үчүн атайын диплом жана белек менен сыйланган.
Олимпиада Азербайжандын Баку шаарында өтүп, ага 87 мамлекеттен 331 катышуучу барган. Мелдеш 2 күн болуп катышуучуларга алгоритмдик тапшырмалар берилген.
Командалык эсепте Кыргыз өлкөсү быйыл 40-орунду ээледи. Өткөн жылы 85-орунду камсыздаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuttubek8483
2019-08-12 16:34:37
Азаматсынар кыргыздын атын чыгарып журо бергиле. Эки эсе алдыга жылыш болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан