ИИМ: "Түрмөдө жатып президенттик аппараттын атынан депутаттарга, министрликтин өкүлдөрүнө телефон чалган кылмышкер аныкталды"

Түрмөдө жатып президенттик аппараттын атынан Жогорку Кеңештин депутаттарына, КСДПнын маалымат катчысына, министрликтин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө телефон чалган кылмышкер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. "Жазаларды аткаруунун №1 мекемесинде алдамчылык менен соттолуп, жазасын өтөп жаткан 32 жаштагы Т.К. өзү менен кошо алдамчылык менен соттолуп, жазасын өтөп жаткан 37 жаштагы Т.И.нин телефонун алып, ошол телефон менен президенттик аппараттын өзгөчө жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып коомубузда болуп жаткан көрүнүштөргө карата алдамчылык менен ар кандай жалган маалыматтарды тараткандыгы аныкталды.

Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Т.К. түшүнүк берип, анда кимдерге чалгандыгын, алардын аты-жөнүн толук жазып берди. Тактап айтканда, Т.К. Жогорку Кеңештин депутаты Асель Кодурановага президенттик аппараттын жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып, камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну уюштуруп берүү тууралуу убада берген. Ошондой эле КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаевага да телефон чалып, 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат алып турган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
warcaw
2019-08-12 20:34:20
Бир шылтоого дейм,мындай болбошу мүмкүн берки экөө дагы жаш бала эмес да түрмөдөн чалган адамга алданып кала бергидей...
-1
JaneEr
2019-08-12 22:19:03
Телефондо кылмышкер менен суйлошкондор дерутаттар да как соучастник кылмышкер болуп саналышат.Кундуз Жолдубаеваны да камагыла кошуп турмодо суйлошушсун.
0
tular
2019-08-12 22:47:52
Ушу кантип болсун, тел-н чалса эле алдана берген!
+3
Baku88
2019-08-13 09:15:46
ЖКда жалан кок мээлер отурат дегенге дагы бир далил рас кылыптыр ким болсо да Кундузду айтсанар алданып маалымат берип турган акчаларын да алса болмок экен ушундай да анан биздикилер бирдеме десен чычалашат кок мээлер кайдагы бир турмодогу кылмышкерге алданышып
+1
BubleGum
2019-08-13 11:37:00
Кудай азгырыктан озу сактасын!
0
Nurik929394nur
2019-08-13 14:17:09
Суйлошсо эмне болуп тур .эмне болгонун билип туруатур да биздеги бугунку пиример эртенки кылмышкер болот аа бугунку пириздент эртенки коррупционер болот Кыргызстан да чоон иште иштегендерди эвкимди сыйлоого болбойт у нас всё собака депутату Президент и Премьеми и мэрия тоже все-все собака
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан