Токмокто эки вагон рельстен чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ болжол менен саат 22:00 чамасында орун алган.
Алдын ала берилген маалыматка ылайык, айнек заводунун тепловозунун вагондору рельстен чыгып кеткен. "Окуядан эч ким жабыркаган эмес" деп билдирди күбө.