Токмокто поезд кырсыгы катталган окуяда 1 адам жабыркады

Чүй облусунун Токмок шаарында темир жол бекетинде поезд токтоп турган вагондорду сүзүп кеткен окуяда 1 адам жаракат алды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлады.

"12-августта саат 22:00 чамасында Токмок айнек заводунан 18 вагону менен чыккан поезд катуу ылдамдыкта келип, Токмок темир жол бекетинде токтоп турган вагондорду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы Р.В.А. аттуу эркек киши жабыркап, Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген. Андан сырткары 7 вагон темир жол рельсинен чыгып оодарылып кеткен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми "Кыргыз темир жолу ишканасы" кырсыктын кесепетинен Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы үзгүлтүккө учураганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан