Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Экспорт бөлүмүнүн башкы адиси Анаркүл Беккулиеванын Кытайга иш сапары менен барары чуу жараткан. Бул окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, жыйынтык чыкты.
Комиссия Беккулиева 15-июлдан тарта эмгек өргүүсүнө чыккандыктан, учурда аны менен байланыша алган эмес. "Кытайдан келген алгачкы катка министрдин орун басары деген ранг тууралуу жазылган эмес. Министрдин орун басары Жаныбек Керималиев "XXI кылымдагы Деңиз Жибек Жолу" жарманкесине барчу адамдарды бекитип, чакырууга жооп жөнөтүлгөн. Бөлүм башчы Анаркүл Беккулиева жана "Айкын-Сейил" ЖЧКсынын директору Турсун Айкын бармак. Кат Тышкы иштер министрлиги аркылуу эмес, уюштуруу комитетинин катчылыгына жиберилген. Бул жерде мыйзам бузуу болгон эмес.
Министрдин орун басары Амангелди Исаевдин колу коюлуп, Анаркүл Беккулиева бөлүм башчы катары иштегенин тастыктаган маалым кат фирмалык бланкасы жок министрликтин кадр секторуна жиберилген. Бирок ошол эле кат уюштуруу комитетине министрдин орун басары рангында деп фирмалык бланк менен жөнөтүлгөн. Ал катты министрлик жиберген эмес", - деп жазылат маалыматта.
Башкы прокуратура Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бөлүм башчысына "министрдин орун басары рангында" деп маалым кат берилишинде мыйзам бузуу болгон деп тапкан.