SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордун Чолпон Талипбектин "Таппадым сендей" клиби толуктады.
"Бул чыгарма менен "ооруп жүрдүм" десем болот. Анткени үйдө жүргөндө, досторум, тааныштарым менен жолугуп отурганда деле ырдай берчүмүн. Кийин апам менен сиңдилерим "бул чыгарма сенин аткарууңда назик угулат экен, аткарып чыкпайсыңбы" деп калышты. Дароо эле Өктөм Сапар уулуна барып өзүм каалагандай аранжировка жаздырдым. Чыгарма угармандарга тартуулангандан кийин жакшы пикирлерди көп уктум. Ал эми клипти университетте чогуу окуган тайпалашым Канат Асанакунов тартты. Клипти тартуу үчүн 2 апта даярдандык. Команда мыкты болгондуктан клип 2 күндө тартылды", - дейт ал.
7-АВГУСТТАН 14-АВГУСТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Анжеликанын "Айта берем" видеокомпозициясы камсыздады.
8-орун - Айгерим Расул кызынын "Ыйлаба, кызым" чыгармасына буюрду.
7-орунга - Роза Шакированын "Сени менен" видеокомпозициясы жайгашты.
6-орунду - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы чыгармасы багындырды.
5-орунду - Бек Исраиловдун "Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай" композициясы ээледи.
4-орун - Дайыр Исмадияровдун "Каражан" видеоклибине буюрду.
3-орун - Асел Кадырбекованын "Телефон" видеоклиби бул аптада алдыңкы үчтүкктөн орун алды.
2-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" чыгармасы камсыздады.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нурмат Садыровдун "Келчи" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.
Сүйүктүү видеоклипиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.