Бишкектин 7-кичи районундагы "Бета Сторес-2" соода борборунун жанына "Музыка - баары үчүн" аталышындагы аянтча ачылды. Иш-чара 13-августта болгонун Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.
"Музыкалык аянтчада чатыр орнотулуп, анын алдына пианино коюлган. Эми шаар тургундары жана меймандары пианино ойной алышат. Аянтчанын ачылышына №36 искусство мектебинин тарбиялануучулары жана Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары катышкан. Долбоор "Бакай Банкынын" колдоосу менен ишке ашты", - деп жазылат маалыматта.