Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип милиция бөлүмүнө алып келинген жаран 3-кабаттан секирип каза болду

Бишкекте жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип милиция бөлүмүнө алып келинген жаран 3-кабаттан секирип каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 14-августта Бишкек ШИИББинен тастыкташты.

"Бүгүн сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө 1984-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран алып келинген. Сурак учурунда Ж.Э. ордунан туруп, терезе аркылуу качууга аракеттенген. Кийин ал 3-кабаттын терезесинен секирип кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" чакырылып, ал ооруканага жеткирилген. Кийин ал эсине келбей жатып каза болгон.

Бул факт боюнча текшерүү иштери дайындалып, кызматтык иликтөө жүрүүдө. Кошумча маалыматтар берилет", - деп билдиришти милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Omush94
2019-08-14 11:58:43
Жөн эле мойунуна илип аткан окшойт да , ак жерден камалгысы келбей өлдү да
+11
Take_men
2019-08-15 10:23:12
Omush94,ак болсо секирбесе керек эле. Эгерде күнөөлүү болгон болсо жазасын алыптыр
0
Almaz-kasimovich
2019-08-14 12:09:50
Моюнуна алыштан эмес, зона кириштен корксо керек.
+4
Chungyz
2019-08-14 12:33:05
Бул жерде да милициянын шалакылыгы
+17
Nevestkaa
2019-08-14 18:41:07
Эч нерсе эмес 1 педофиль азайса эгер күнөөсү болсо.
+6
cholpon119966
2019-08-14 22:12:53
Кирип кетсе кандай нерсе кутуп тураарын билип, лучше олуп кутулайын деген го...
+2
aiman1983
2019-08-14 22:56:40
Мойнуна аласың деп милициялар өздөрү түртүп жибергендир. Бурулайдын өлүмүнөн кийин милиция кызматкерине ишенич калбады. Күнөөлүү болсо да кайран кыйылган жаш өмүр!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан