"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "ЦУМдун жанынан жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу 21 жашта болгон"

Бишкектеги ЦУМ соода борборунун жанынан айдоочу жөө адамды сүзүп кеткенин окурман билдирген. Жабырлануучунун абалы канааттандырарлык экенин Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдады.

"Жол кырсыгы бүгүн, 14-августта саат 11:50 чамасында орун алган. Анда Чүй кең көчөсү менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамды сүзүп кеткен. Айдоочу 1998-жылы туулган. Жабырлануучу кыз 26-27 жаштар чамасында болгон. Анын абалы канааттандырарлык.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан