SUPER TV Малайзияда. Бул жолу аталган өлкөдө жашаган тургундардан жана туристтерден Кыргыз өлкөсү жөнүндө эмне билишерин, дегеле биздин өлкө тууралуу маалыматы барбы сурап көрдүк. Өкүндүргөнү, чет элдиктердин көпчүлүгү Кыргыз жери жөнүндө таптакыр маалыматы жок, ал гана эмес, "Кыргыз өлкөсү кайсы жерде жайгашканын билесизби?" деген суроого "Европада болсо керек" деген да жооп болду.