Вице-премьер Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынын жашоочулары менен жолугушту

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Аксай, Самаркандек, Актатыр айыл аймагынын жашоочулары менен Көк-Таш айылында жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга 150дөй адам келип катышты. Тургундар мамлекеттик чек араны делимитациялоо, демаркациялоо, социалдык объекттерди, инфратүзүмдүк объекттерди куруу, ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо, жерлерди трансформациялоо маселелерин көтөрүштү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өкмөт тарабынан чек ара аймактарын өнүктүрүүдөгү аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

"Өкмөт чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүү маселесин артыкчылыктуу деп эсептейт. Биз үчүн эң башкысы – коопсуздукту, коомдук тартипти камсыздоо жана социалдык жана инфратүзүмдүк маселелерди чечүү болуп саналат. Мен ошондой эле биримдикке, достукка, тилектештикке чакырам, өзгөчө кыйын кырдаалдар түзүлгөн мезгилде бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен конструктивдик нукта чечилиши керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2019-08-14 21:57:32
Жолуккандан не пайда иштегиле
+4
JENTLEMAN
2019-08-14 22:13:19
Безтолк жолугушуулар, мусор убадалар, эки жүздүүлүк сөз берүүлөр, сөзүндө турбаган эки жүздүү пок курсак саясатчылар, (буларды саясатчы дегиңда келбейт) же ууру, каракчы арам тамактар, силердин колуңардан эшектин тезегида келбейт.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан