Атактуулугу менен Түштүк Кореяны гана эмес, дүйнөнү да багынткан "BTS" тобу алты жылдан бери биринчи жолу эс алууга чыкты

Атактуулугу менен Түштүк Кореяны гана эмес, дүйнөнү да багынткан "BTS" тобу биринчи жолу эс алууга чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

"BTS" тобунун мүчөлөрү күзгө чейин сахнадан жана эл көзүнөн алыс болуп, күйөрмандары үчүн тыныгуу жарыялашты. "Эс алуу топтун мүчөлөрүнө чыгармачылыгына жаңы эргүү менен кайтууга шарт түзөт. Ошондой эле бул тыныгуу аларга 20 жаштагы жигиттердин кадыресе жашоосундагы ырахатын татууга мүмкүнчүлүк берет. Кокусунан эс алуу учурунда топтун мүчөсү менен жолугушуп калсаңыз, биз сиздерден алардын эс алууга болгон муктаждыгына көңүл бурушуңузду суранабыз" деп алардын агенти күйөрмандарына кайрылуу жасаган.

Аталган топ 2013-жылы дебют жасаган жана ошондон бери такай иш үстүндө келген. Бул аралыкта топ түрдүү сынактарда жеңиштерге жетип, ырлары менен миллиондогон фанаттарды топтой алган.

"BTS" тобу тууралуу кенен маалымат алгыңыз келсе, "Супер-Инфо" гезити даярдаган макаланы ушул шилтемеден окуй аласыз.



BTS - "Boy With Luv"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан