Ички иштер министрлиги Курсан Асановдун ордуна келген ички иштер министринин орун басары Памирбек Асановдун өмүр баянын жарыялады.
Милициянын полковниги Памирбек Асанов 1964-жылы Чүй облусунун Жайыл районунун Полтовка айылында туулган. Билими жогорку. Кесиби боюнча юрист. 1990-жылы СССРдин ИИМдин Волгоград Жогорку тергөө мектебин аяктаган.
- 1982-1985-жылдары Мурманск облусунун Североморск шаарындагы Аскердик деңиз флотунда кызматта, бөлүмдүн командири;
- 1986-1990-жылдары СССРдин ИИМдин Жогорку тергөө мектебинин курсанты;
- 1990-1992-жылдары Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын ИИБинин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
- 1992-жылы Чүй облусунун Калинин РИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
- 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
- 1993-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө башкармалыгынын Экономика жана коррупция чөйрөсүндөгү кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүмдүн тергөөчүсү;
- 1993-1994-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин ЭКККБдын башчысынын орун басары;
- 1994-1995-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин ЭКККБдын башчысы;
- 1995-1997-жылдары Чүй облусунун Жайыл РИИБдин ЭКККБдын ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;
- 1997-1998-жылдары Чүй ОИИББинин тергөө бөлүмүнүн Экономика чөйрөсүндөгү кылмыштарды иликтөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;
- 1998-1999-жылдары Чүй ОИИББинин ЭКККБнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;
- 1999-2000-жылдары Чүй ОИИББинин КККБнын ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;
- 2000-жылы Чүй ОИИББинин ЭКККБнын ага ыкчам ыйгарымдуу өкүлү;
- 2000-2003-жылдары Чүй облусунун Сокулук РИИБинин башчысынын иликтөө боюнча орун басары;
- 2003-2005-жылдары Бишкек ШИИББинин Тергөө бөлүмүнүн башчысы;
- 2005-жылы Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары, ал Бишкек ШИИББинин Тергөө бөлүмүнүн башчысы;
- 2005-2008-жылдары Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары, ал Чүй ОИИББининТергөө бөлүмүнүн башчысы;
- 2008-жылы Чүй ОИИББинин иликтөө боюнча башчысынын орун басары;
- 2008-2010-жылдары Ош ШИИБинин иликтөө боюнча башчысынын орун басары;
- 2010-2011- жылдары Ош ШИИБинин башчысы;
- 2011-2016-жылдары Бишкек ШИИББинин иликтөө боюнча башчысынын орун басары, ал Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнүн башчысы;
- 2016-2017-жылдары Бишкек ШИИББинин иликтөө боюнча башчысынын орун басары, ал Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнүн башчысы;
- 2017-2018-жылдары Бишкек ШИИББинин карамагында (штаттык уюштуруучулук кыскарууга байланыштуу);
- 2018-2019-жылдары КИИМдин Тергөө кызматынын башчысы;
- 2019-жылдын 13-августтунда ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды.