Токмоктун прокурорунун жардамчысынын пара менен кармалган видеосу жарыяланды

Токмоктун прокурорунун жардамчысынын пара менен кармалган видеосу жарыяланды.

УКМКнын маалыматына ылайык, 13-августта А.К. аттуу жарандын кайрылуусу боюнча УКМКнын тергөө башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин "пара талап кылуу" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүштүн негизинде катталды.

"Токмок шаардык прокурорунун улук жардамчысы жергиликтүү ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен биргеликте 15 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган. Анда А.К. жолдошу Кытай жараны болуп, аталган ишканада мыйзамдуу эмгектенип жатканына карабастан, Кыргыз өлкөсүнүн аймагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз сатып алган деп коркуткан. Ошондой эле пара бербеген учурда чет элдик жаранды депортация кылуу максатында тергөө органдарына берүүчү материалдары бар экендигин айткан", - деп жазылат маалыматта.

14-августта Чүй облусунун Токмок шаарында К.Т. 3 миң доллар алып жаткан учурда кармалды. Ошондой эле ишкананын кызматкери М.Т. кызматкер тарабынан пара талап кылуу жана алууда ортомчу болгондугу үчүн кармалды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармалды. Азыркы убакта тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Токмоктун прокурорунун жардамчысынын пара алып кармалган видеосу жарыяланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabaev
2019-08-18 11:57:22
Жардамчысынын кейипи ушул болсо, эхх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан