Өкмөт балдарды документтештирүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда

Өкмөт Калкты документтештирүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын алкагында 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарандар балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышат. Бул кампанияны ишке ашыруу деталдары вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тарабынан өткөрүлгөн жыйында талкууланды. Учурда 1200дөй баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугу айтылды. Анын айтымында, өкмөт тарабынан БУУ Балдар фонду менен биргеликте пландаштырылган бул кампаниянын максаты – өлкөдө "көрүнбөгөн", документсиз балдардын болушуна жол бербөө болуп саналат.

"Балдарга документ берүү темасы дагы бир маанилүү маселени алып чыгат. Көпчүлүк учурда ата-энелердин өздөрүнүн документтери же паспорттору жок, демек алар балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпайт", – деди вице-премьер-министр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Калкты документтештирүү боюнча улуттук кампаниянын алкагында активдүү иштерди аткаруу керек.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери балдарга документтерди жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жана айып салуусуз алууга болору тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан