Ишенбегиле! Социалдык тармактарда "маньяктын түнөгү" деп тарап жаткан видео чындыкка дал келбейт

Интернет колдонуучулар арасында табышмактуу видео кызуу талкууга алынды. Анда дубалдары канга боёлгон, адамдын целлофан баштыкка оролгон денесине окшош макеттер асылып турган жайды көрүүгө болот. Социалдык тармактын колдонуучулары бул видеону "маньяктын түнөгү" деп аташкан.

Интернетке жайылып жаткан видео боюнча Бишкек ШИИББи билдирүү жасады.

"Ар кайсы мессенжерлерде социалдык тармактын колдонуучулары аркылуу тарап жаткан видео чындыкка дал келбейт. Видеодо квест оюну ойнолуучу жай көрсөтүлгөн. Андыктан бул видеону жайылтпоону өтүнөбүз", - деди маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2019-08-16 22:57:15
Ой билбейм чын эле сыйактуу корунду. Ошондой эле болсо болду
-2
meni_kut
2019-08-17 10:10:36
ээ буга жаш бала эле ишенбесе эле чон адамдар ишенмек беле)))Муну квест оюндан коргом
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан