Жасалма документтер менен жер тилкелерин сатып жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды

Жасалма документтер жана башка адамдарга таандык жер тилкелерин сатуу менен алектенип жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, июль айынын аягында милицияга арыз менен Чүй облусунун тургуну кайрылган. Анда ал Аман аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

"Анын айтымында, 2012-жылдын февраль айында Аман аттуу жаран анын ишенимине кирип Военно-Антоновка айылындагы жер тилкесин 7 миң долларга саткан. Кийин ал жер башка адамга таандык экени аныкталган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынып, "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Мындан сырткары, милицияга арыз менен 60 жаштагы аял кайрылган. Анда ал ошол эле айылдан 335 миң сомго жер тилкесин Аман аттуу жарандан сатып алганын айткан. Кийин ал жер тилке башка адамга тиешелүү болуп чыккан. Бул факт боюнча да кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1985-жылы туулган А.О. аттуу тургуну кармалган. Ал буга чейин да бир нече жолу сот жообуна тартылып, ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Ал башка адамдарга таандык жер тилкелерин жасалма документтер менен үчүнчү адамдарга сатуу менен алектенип келген. Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан