Кыргыз өлкөсүнөн ажылык сапарга кеткендердин алгачкы тобу Бишкек шаарына кайтып келишти

Кыргыз өлкөсүнөн ажылык сапарга кеткендердин алгачкы тобу Бишкек шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ажылык сапардан кайткан алгачкы топ кечээ, 17-августта түнкү саат 22:28де “Манас” эл аралык аэропортуна келип конгон.

“Алгачкы каттамда 400 адам сапар алган. Аларды аэропорттон тосуп алуу үчүн муфтийдин орун басары, муфтияттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана туугандары тосуп алышты”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, быйыл Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги тарабынан Кыргыз өлкөсүнө 6 миң 10 квота бөлүнгөн. 17-августтан тартып 1-сентябрга чейин кыргыз жарандары үчүн жалпысынан 18 каттам уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jalguzum
2019-08-19 00:33:14
Ажыга барууну ар Бир мусулман пендесине насип кыл Аллахым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан