Ош шаарында 17-августта “Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш-чарасынын алкагында “Ош Фест-2019” туристтик фестивалы өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Фестивалдын алкагында Улуу Жибек Жолундагы “Чыгыш кербенинин” жүрүшү орун алды. Ошондой эле фестивалда тамак-аш, жер-жемиш, кол өнөрчүлөр жарманкелери уюштурулду. Иш-чарада театрлаштырылган композиция тартууланып, Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган “Алтын Өрөөн” республикалык дизайнерлер фестивалында улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү уюштурулган.