Жалал-Абад шаарында адам сатууга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош ШИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери Жалал-Абад шаарында аял 19 жаштагы кызды сатуу үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан.
"Маалыматты текшерүү учурунда Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы жашоочусу Ч.М. 19 жаштагы М.Д. аттуу кызды жүз миӊ сомго сатууну көздөп жаткандыгы аныкталган. Мындан улам милиция кызматкерлери атайын сатып алууну каалаган адамды дайындап, маалыматты дагы бир жолу текшерип көрүшкөн. Кызды сатууну каалаган аял жаш кызды жүз миӊ сомго баалап, аны каалагандай пайдалана берсе боло тургандыгын, ата-энеси жана сурап алар адамы жоктугун айткан.
Натыйжада криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кызды тез арада куткарып калуу операциясы иштелип чыккан. Анда кызматкерлер сатуучу аял менен байланышка чыгышып, аял нак акча болсо 50 миӊ сомго эле сата турганын билдирген. 14-август күнү алдын ала даярдалган акчаны берүү учурунда Жалал-Абад шаарынын «Нур» мейманканасынан шектүү Ч.М. кармалып, жанынан тиешелүү суммадагы акчалар чыккан. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "адам сатуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми жабырлануучу кыз бошотулуп, ал кыздын жакындары такталууда. Кыз моралдык-психологиялык басымга дуушар болуп, коркуп калган. Кылмышка шектүү Ч.М.нын баш коргоо чарасы 16-август күнү каралып, 2 айга камакка алынган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.