Ош ШИИБи: "Оштогу көчөлөрдүн биринде эркек киши кызды ур-токмокко алып жаткан видео боюнча эч ким аныктала элек"

Интернетке Оштогу көчөлөрдүн биринде белгисиз жаран бир кызды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Анда чакалайдын чак түшүндө эркек киши кызды чачынан кармап, жерге кулата түртүп жатканы көрүнгөн.

Бул факты боюнча Ош ШИИБи издөө иштерин улантып жатканын билдирди.

"Эркек киши кызды ур-токмокко алып жаткан видео боюнча эч ким аныктала элек. Башка жактан келе жатып, жолдо ушундай жорук кылган адамдар да болушу мүмкүн. Ошондой эле эч ким бул факты боюнча арыз жазган жок", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан