Жумгалда мурда соттолгон жарандын жансыз денеси табылды

Нарын облусунун Жумгал районунда мурда соттолгон жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-август күнү саат 08:15 чамасында Жумгал РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну айылдагы мектептин жанынан белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгын билдирген. Аталган билдирүү боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, эркек адамдын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денесин көрүшкөн.

Жансыз денеге кароо жүргүзгөн учурда каза болгон жарандын кара куш мээсине катуу нерсе менен чабылгандыктан баш сөөгү сынып, баш мээси чайкалган. Ошондой эле окуя болгон жерден 1 даана ак түстөгү кепка жана жерден канга окшош суюк заттардын үлгүлөрү табылып алынган. Жансыз дененин аты-жөнүн тактоодо ал Байзак айылынын тургуну, үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы, мурда сот жообуна тартылган 44 жаштагы Т.Р. аттуу жаран экендиги такталган.

Азыркы учурда бул факты Жумгал РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары 31 жаштагы Ж.Д. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2019-08-19 20:43:44
Жазылбаган закондор менен иш кылган окшойбу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан